Чүйдө сабалган окуучуга жардам бербей койгон дарыгер кызматтан алынды. Видео

© Sputnik / Светлана ФедотоваВрач. Архивдик сүрөт
Врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Окуя тууралуу коомчулукка кечээ соцтармакка тараган видеодон улам маалым болгон. Андагы дарыгердин жоругу көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги сабалган окуучуга жардам бербей койгон Васильевка айылындагы оорукананын башкы дарыгерин кызматтан алгандыгын билдирди.
Үрөй учурган окуянын видеосу кечээ соцтармакка тараган. Анда таяк жеп жерде жаткан өспүрүмдү алыстан карап, унаага отуруп кетип калган дарыгер кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан.
"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми видеодогу бала тез жардам аркылуу Бишкек шаарынын балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн. Баланын акыбалы дарыгерлер тарабынан стабилдүү деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Милицияга Аламүдүн районунун Виноградное айлынын 42 жаштагы тургуну кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда анын өспүрүм баласын сабап кеткен белгисиз адамга карата чара колдонууну өтүнгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында 16 жаштагы шектүү милицияга жеткирилип, суракка алынган. Учурда соттук экспертизалар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Бишкектеги №102 мектептеги митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Эки мектептин чуусу: митингге чыккан окуучулар, директорго каршы мугалимдер
Жаңылыктар түрмөгү
0