Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Азык-түлүктөгү антибиотиктерди толук аныктоого жол ачылды

© Sputnik / Асел АкматАйыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов
Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Кыргызстандын тамак-аш коопсуздугу өлкөдөгү мыйзам, эл аралык стандарт, Евразиялык экономикалык шериктештиктин техникалык регламенти менен жөнгө салынат. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Азык-түлүктөгү антибиотиктерди толук аныктоого жол ачылды
Анын айтымында, өлкөдө 19 ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория иштейт.
"Калкты таза тамак-аш менен камсыздап, өндүрүлгөн продукцияларды башка мамлекеттерге тоскоолдуксуз экспорттоо үчүн мал-жандыкты туура кармап, өз учурунда чараларды көрөбүз. Окумуштуу Иван Павловдун "Ветеринария адамзатын дарылайт" деп айтканы бар. Себеби малдан адамзатына 60тан ашык илдет жугат. Ошондуктан ветеринария тармагы алдын алуу иш-чараларын жасап, малдан алынган азыкты кайра иштетүүдө техникалык регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт. Алсак, малды идентификациялоо мыйзамы ишке ашты. 2022-жылдын ноябрь айында маалыматтык система толук иштелип бүтүп, павильон, супермаркеттерге QR-коддор коюлду. Атайын тиркеменин жардамы менен коюлган QR-код аркылуу эмненин эти, малдын качан союлганы, жашы, алган вакциналары тууралуу маалымат ала алат. Өлкөдө учурда 19 ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория иштейт. Бишкек менен Оштогу эки лаборатория эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациядан өткөн. Лабораториялардын ишин жакшыртуу үчүн өкмөт 54 миллион сом каражат бөлүп берди. Ошондой эле июнь айында Россиядан адистер келип, антибиотиктерди аныктаган Япониянын жабдыктары менен иштөөнү үйрөтүп кетишет. Ошентип азык-түлүктөгү антибиотиктерди толук аныктай баштайбыз. Негизи тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү иштер аткарылышы зарыл. Эл аралык талаптарга ылайык өлкөдө 2012-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы түзүлгөн. Ал 2019-2020-жылдарга чейин иштеди. Азыр ар бир кызмат өз-өзүнчө болуп кеткени менен чогуу иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Бул кызматтар Азербайжан, Грузияда бир министрликтин алдында", — деди Жусупов.
Ал Айыл чарба министрлигинин алдында Тамак-аш коопсуздугу боюнча бир инспекция түзүлсө туура болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0