Путин ЕАЭБ, КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары менен жолукту

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолукту
Россия президенти Владимир Путин КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Жолугушуу Сочиде өттү, ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөргөнүн Кремль маалымдады.
Россия лидеринин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн алдында экономикалык, социалдык жана гуманитардык тармактардагы интеграциялык курулуш процесстерин өнүктүрүү боюнча комплекстүү ири иштер турат.
Ал соода байланыштарын мындан ары кеңейтүү, мамлекеттердин экономика жана чарба субъектилерин евразия өндүрүштүк жана транспорттук-логистикалык чынжырчага тартуу, инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
"Өнөр жай кооперацияларын биргеликте эффективдүү өнүктүрүү, анын ичинде "ЕАЭБде даярдалган" деген соода маркасы менен өндүрүмдөрдү чыгаруу керек. Бирок эгерде "КМШда жасалган" деген марка менен чыгарсак деле эч ким каршы болбойт. Башкысы биздин мамлекеттердин өз ара кызматташуусу эффективдүү өнүгүшү керек", — деди Путин.
Россия лидери экономиканын негизги тармактарында технологиялык көз карандысыздыкты чыңдоо, технологиялык жактан өзүн-өзү камсыздоого жетишүү, мамлекеттер башка өлкөлөрдүн технологияларынан көз каранды болбошу үчүн бул тармакка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
"Биз дүйнөлүк экономикада эч кимден, өзгөчө өнүгүүнүн чордону болгон өлкөлөрдөн корголоого камынып жатпагандыгыбызды кайталап айткым келет. Бул деген биз эмне кылып болсо да өзүбүздө өндүрүшүбүз керек дегенди билдирбейт. Биздин планда андай эч нерсе жок. Биз дүйнөлүк экономиканын маанилүү бөлүгү бойдон калабыз жана ага аракет жасайбыз. Бирок айрым багыттар боюнча көз карандысыз болгонубуз жакшы, себеби жетишкендик – көз карандысыздыктын негизи", — деп белгиледи Путин.
Айта кетсек, Сочиде ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын отуруму өттү.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
КМШ өкмөт башчылары бир нече документке кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0