Карим Бенземаны Сауд Арабиянын стадионунан 62 миң күйөрман тосуп алды. Видео

Жазылуу
Француз футболчусу "Аль-Иттихада" клубунун оюнчусу катары тааныштырылды.
Азем клубдун аренасында кечээ өткөн. Чабуулчуну тосуп алуу үчүн 62 миң күйөрман келген.
Бензема "Алтын топтун" ээси, салтанат учурунда футболчу сыйлыгын элге көрсөттү.
34 жаштагы спортчу жылына 200 миллион евро алып турат, келишим 2026-жылга чейин түзүлгөн. "Аль-Иттихад" — Сауд Арабиянын тогуз жолку жана учурдагы чемпиону.
Бензема 14 сезон ойногон мадриддик "Реалдан" ушул аптада кеткен. Бул убакыт аралыгында футболчу Испаниянын төрт жолку чемпиону аталып, Испания королунун кубогун үч, Испаниянын Суперкубогун төрт ирет жеңип алган. Бензема "Реалдын" курамында Чемпиондор лигасында беш, клубдук дүйнө чемпионатында беш жолу жеңишке жетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0