Бишкекке АКШдан баңгизат ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду. Видео

Жазылуу
Ушу тапта аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракеттери жүрүп жатат.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бажы кызматы менен биргеликте АКШдан почта аркылуу "гашиш майы" деп аталган баңгизатын жеткирип келген туруктуу каналды иштетүүчү трансулуттук баңги топтун ишине бөгөт койгонун кабарлады.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 285 жана 282-беренелеринин негизинде иш козголгон. Натыйжада 11-май күнү Бишкек шаарында жөнөтүлгөн баңгизатты алып жаткан 31 жаштагы И.Р. аттуу тургун кармалганы айтылат. Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, баңги каражаттары АКШдан азык-түлүк катары келип турган. Жалпы салмагы 970 граммдык "гашиш майынын" бир граммы 100 доллардан сатылат.
Ушу тапта аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракеттери жүрүп жатканы айтылды.
Тема боюнча:
Быйыл үч айда Россияда 220 кыргызстандык баңгизат менен кармалганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0