Депутат вице-мэрди резинка өтүк кийгизип, суунун башына айдоону сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Эл өкүлү вице-мэр салкын жерде депутаттардын суроосуна жооп берип отурганынан пайда жоктугун айтты.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиевди суунун башына айдоону сунуштады.
Ал бүгүн саат 10:00дөн бери парламентте суу көйгөйү боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан.
"Жанатан бери вице-мэрдин жообу кайра-кайра кайталанып жатат. Азыр бул жерде салкында жыргап отурат, бир сөздү 10 жолу кайталап коюп. Муну "бар сууну чыгар" деп резинка өтүк кийгизип, ысыкта кайра ошол жакка айдаш керек. Менин сунушум суроолорду кыскартып, иштетпейлиби, бул жерде отурганда эмне? Мэр өзү да Сочиде экен, кол коё турган иштери болсо керек. Бүт керектүү кызматкерлердин баарын суунун башына айдаш керек", — деди Сулайманов.
Ошондой эле ал Арча-Бешик конушунда эл "жерди казып коюп кетип калышты, иштебей жатат" деп даттанып жатканын белгиледи.
Мындан улам депутат суроо-жоопту токтотууну сунуштады, бирок кесиптештери каршы болуп, жыйын саат 13:00гө чейин улана турган болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Депутат: бизде суу бар, болгону мээбиз бир аз ордунда эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0