Шойгу украин аскерлеринин чабуулу эмнеден улам ишке ашпай калганын айтты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскерлер. Архив
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Министрдин айтымында, эки саатка созулган салгылашууда душман тарап өздүк курамдан 350гө жакын аскерин жоготкон.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өткөн түнү Украинанын 1,5 миңдей аскери жана 150 ок өтпөс унаасы Запорожье багытында коргонууну жарып өтүүгө аракет кылып, бирок чоң жоготуу менен артка чегинген. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
Анын айтымында, алар чалгындоо жүргүзгөн күчтөр тарабынан аныкталып, артиллериялык, авиациялык жана танкка каршы күчтөр менен сокку урулган.
"Эки саатка созулган салгылашууда душман тарап 30 танкын, 11 аскердик унаасын, өздүк курамдан 350гө жакын аскерди жоготту", — деди Шойгу.
Ал, мындан сырткары, кечээ эле Украинанын Куралдуу күчтөрү 945 адамды, 33 танк, жөө аскерлердин 28 унаасын жана 38 сооттолгон унаасын жоготконун кошумчалады.
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу Киев режими Каховка ГЭСин эмнеге жардырганын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0