Кыргызстанга алгачкы ирет Катардын Эмири келет

© AP Photo / Vyacheslav ProkofyevКатардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани. Архив
Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашат.
Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, араб мамлекетинин башчысы Кыргызстанга биринчи жолу келет.
Жапаров россиялык ири инвестициялык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Жапаров россиялык ири инвестициялык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0