ЖМК: Батыш Россиянын маанилүү аймактар боюнча кезектеги кадамынан кооптонууда

© Sputnik / Павел ЛьвовАрктика. Архив
Арктика. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Жети мамлекет Украинадагы чатактан улам Россия менен кызматташууну токтотулушуна тынчсызданып жатат.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Россия Арктикада таасирин арбытып, ал аймактагы бай жаратылыш ресурстарына оңой эле жетип алат деп кооптонууда. Бул туурасында РИА Новости The Financial Times басылмасына шилтеме кылып жазган.
"Алар Россия менен Кытайдын Арктикалык кеңешке окшогон өзүнүн уюмун түзүп алуусуна түйшөлүп турат", — деп айтылган маалыматта.
Аталган уюмга мүчө батыштын уюштуруучу жети мамлекети Украинадагы чатактан улам Россия менен кызматташуунун токтотулушуна тынчсызданууда. Бул нерсе Россиянын аймакта ээн-эркин иш алып барып жана өнүгүү максатында Кытай менен сый, жылуу мамилени андан ары бекемдөөгө шарт түзүшү ыктымал деп кооптонуп жатат.
"Бир жагынан алып караганда, Арктикадагы биздин милдеттер Россиясыз эч кандай деле мааниге ээ эмес. Анын үлүшүнө Арктика аймагынын 40 пайызы туура келет. Ал эми дагы бир жагынан алып карай турган болсок, Россия менен кызматташа да албайбыз. Биздин кыйналып жатканыбыз да ушунда", — деген кеңешке мүчө болгон мамлекеттердин дипломаттары.
Кеңешке Дания (Гренландия, Фарер аралдарын кошкондо), Исландия, Канада, Норвегия, Россия, АКШ, Финляндия жана Швеция кирет. Төрагалык мүчө өлкөлөргө ар бир экинчи жылда өтүп турат. Ал Россияга 2021-жылы майда өткөн. 2022-жылы мүчө мамлекеттер Украинадагы окуяга нааразылык иретинде кайсы гана иш-чаралары болбосун катышууну токтотуу чечимин кабыл алышкан.
Ямал атомдук муз жарчык кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Батыш түндүккө умтулат, бирок орун эбак ээленген
Жаңылыктар түрмөгү
0