С. Жапаров Түптүн акимине сөгүш берди, айыл өкмөттүн башчысы да четте калган жок

© Фото / пресс-служба Министерства труда и социального обеспеченияЫсык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Каныбек Адиев. Архив
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Каныбек Адиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Туристтик сезондун алдында алешемдиктерге жол бергени үчүн аткаминерлерге чара көрүү чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.
Президент Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырган. Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болгону айтылды. Мындай көрүнүшкө айрыкча туристтик маалдын алдында жол берилбеш керектиги белгиленди.
"Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров туристтик сезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат", — деп айтылган билдирүүдө.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жапаров эки акимди иштен алып, бир топ район башчылары менен мэрлерге сөгүш жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0