Абыкеев: төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет, курултайчылар чогулушу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Депутат кокус төңкөрүш болуп кетсе, курултай эмне иш аткарарын сураган.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев буга чейинки төңкөрүштө Жогорку Кеңештин депутаттары качып кеткенин айтып, мындай учурда курултайчылар чогулуп жаңы бийликти түзөрүн билдирди.
Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде "Элдик курултай" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Абыкеевдин пикири депутаттарды нааразы кылды.
Эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев кокус төңкөрүш болуп кетсе, курултай эмне иш аткарарын сурады.
"Эмне үчүн делегаттар бир жылга шайланышы керек деген суроого өзүңүз жооп бердиңиз. Эгер күтүүсүз абал болуп калса, шашылыш түрдө Элдик курултай чакырылат. Мындайча айтканда, курултайчылар келет дагы өткөндөгү немеде (төңкөрүштө — ред.) Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары качып кеткен. Бийликтин бир да өкүлү калбай калган. Элдин үнүн уга турган башка бутак жок болгон. Бир жылдык мөөнөткө шайлансын дегенибиз ушундан болуп жатат", — деди Абыкеев.
Депутат ар кандай кырдаал болсо Жогорку Кеңеш эмес, курултайчылар топтоло калып Кыргызстандын келечегин, президенттин милдетин аткаруучуну тандоо максатын көздөп жатканы айкын болуп калганын белгиледи.
Анда Абыкеев бардык бийлик элдики экенин, элдин өкүлдөрү келип чечим чыгарууга укуктуу экенин айтты.
Буга таң калган Абдалиевдин "Жогорку Кеңеш элдин өкүлү эмеспи?" деген суроосуна Абыкеев "Жогорку Кеңеш өткөндө качып кетип, таппай калбадык беле" деп жооп берди. Эл өкүлү эч ким качып кетпей эле чечим чыгарып, премьер-министрди шайлап бергенин эскертти.
Андан соң комитет төрагасы Чолпон Султанбекова Курултайдын алдына койгон максаты эми ачылганын айтты.
Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев "депутаттар каякка качып кеткенинин айткылачы" деп ачууланды.
Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн бири үч төңкөрүштө тең депутаттар чет өлкөгө качып кеткенин билдирди. Сыдыгалиев соңку бийлик алмашканда дароо чогулуп маселени чечишкенин эске салып, ойлонуп сүйлөшүн талап кылды. Экөө айтышып жатканда президенттин парламенттеги өкүлүнүн орун басары микрофондорун өчүрүп, арачалап калды.
Анан ал кишини жыйын өтүп жаткан залдан чыгарып салышты.
Эл өкүлү Надира Нарматова Чолпонбек Абыкеев коомчулукка чок таштап, туура эмес пикирлерди жаратууга түртүп жатканын билдирди. Ал өлкөдө башаламандык болуп кетсе коопсуздук маселесин бир жолу шайланган курултайчылар эмес парламент чечерин белгиледи.
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
"Эркекче-меркекче" деген өтпөйт. Спикер президенттин кеңешчисине эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0