Жогорку Кеңешке шайлоо: саат 14:00гө карата 8,5 миң гана адам добуш берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берүү. Архивдик сүрөт
Добуш берүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2023
Жазылуу
Шаардыктар шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышпай жатат.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо саат 14:00гө карата добуш берүү үчүн келгендердин саны 6,82 пайызды гана түздү. Бул тууралуу БШК билдирди.
Бул 124 908 адамдын ичинен 8 524ү шайлоого келди дегенди түшүндүрөт. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы саат 20:00дөн кийин билинет.
Эл өкүлү постуна 29 талапкер ат салышууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өтүп жатат. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматынын өкүлүн сабап салган. Бул окуядан кийин ал депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган. Абиров менен жабырлануучу элдешкен.
 Өлкө башчы Садыр Жапаров жана канайым Айгүл ЖапароваЛенин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2023
Садыр Жапаров жубайы менен Бишкекте шайлоодо добуш берди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0