Токмокто 61 жаштагы киши алдамчыларга 2 тонна балыгын алдырып жиберген

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүБалыкчылар балыктарды сорттоо учурунда. Архив
Балыкчылар балыктарды сорттоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жазылуу
Чыгымды 621 миң сомдун тегерегинде деп баалашып, иш козголгон.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Токмокто эркек киши 61 жаштагы ишкердин 1,7 тонна балыгын алдап алып кетип, из жашырган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
17-мартта тартип сакчыларына 61 жаштагы Л. Х. аттуу жаран кайрылып, Н. Б. жана Н. А. аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.

"2023-жылдын январь айында экспорттойбуз деп 1,7 тонна балыкты алып, ошол тейден из жашырышкан. Мындан улам ишкер 621 миң сомдук чыгымга учураган", — деп айтылган маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.
"1988-жылы туулган Н. Б. аттуу жаран жашырынып жүргөн жеринен убактылуу камак жайына алып келинди. Тергөө учурунда анын Токмок шаарында дагы бир канча алдамчылык кылып, ага иш козголгону маалым болду", — деп билдиришти.
Милициядан тергөө уланып жатканын кошумчалашты.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Ракты айыктырам деп акча алып. Милиция медициналык билими жок чет элдикти кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0