Бедел. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрүү жайы пайда болот

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЧек арадан өтүп бараткан фура. Архивдик сүрөт
Чек арадан өтүп бараткан фура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Жаңы курула турган өткөрүү пункту өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтээри айтылды.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө жайын (үчүнчү өткөрмө пункту) Бедел ашуусунда ачууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөзүндө билдирди.
Бедел ашуусу Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун чек арасында жайгашкан.
Кулубаевдин айтымында, тараптар соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча макулдашты. Ал үчүн Кытайдын жардамы менен учурдагы Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу пландаштырылууда. Чек арада көп жүк токтоп турганына байланыштуу Кытай тарап буга кызыкдар.
"Келечекте Бедел ашуусунда өткөрүү жайын ачууну макулдаштык. Кытайдан Кыргызстанды карай өткөрүү пунктун жана жолду биргелешип курабыз. Бул эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана бекемдейт", — деди Кулубаев.
Ал өткөн жылы товар жүгүртүү кыргыз тарап боюнча 9 миллиард долларды, кытай тарап боюнча 15 миллиард долларды түзгөнүн айтты. Ал эми айырма эсептөө ыкмаларынын ар кандай болушуна байланыштуу.
Кытайдын жана Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Кытайга Ысык-Көл тараптан жол ачуу жана Сары-Жазга ГЭС куруу талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0