Борбордук банктын жетекчиси инфляция боюнча божомолдорду айтты

© Фото / пресс-служба Банка России / Медиабанкка өтүүРоссиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина. Архив
Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Борбордук банктын жетекчиси өткөн жазда инфляция катуу болуп, жылдык өлчөмү 17 пайызга жеткенин эске салды.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Божомолдор боюнча, 2024-жылы Россияда инфляция максаттуу деңгээлге, төрт пайызга түшөт. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина сомдун 30 жылдыгынын урматына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Ал өткөн жазда инфляция катуу болуп, жылдык өлчөмү 17 пайызга жеткенин айтты.
"Биздин бул жылга божомолубуз 5-7 пайыз болчу. Ал эми 2024-жылы инфляция максаттуу деңгээлге, төрт пайызга түшүшү керек", — деди ал.
Планга ылайык тийиштүү чаралар көрүлүп, инфляция төмөндөгөн. Эми бул жылга карата божомол 4,5-6,6 пайызды түзүп жатат.
"2024-жылы инфляцияны 4 пайызга жеткирүүнү каалап жатабыз", — деди ал.
Эске салсак, Россияда түрдүү эсептер боюнча 1,2 миллион кыргызстандык жашайт. Мигранттардын которуулары ИДПнын үчтөн бир бөлүгүнө барабар.
Россиянын Борбордук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Улуттук банк: биз РФтин Борбордук банкынын ийгиликтүү иштешине кызыкдарбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0