Мамлекеттин "Социалдык ипотека" программасы иштеп жатат. Кайда кайрылса болот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө жаңы үйдүн квартирасын карап жатышат. Архив
Үй-бүлө жаңы үйдүн квартирасын карап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Электрондук анкетаны "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын расмий сайтынан тапшырса болот.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан өкмөтүнүн "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында "Социалдык ипотека" багыты иштеп жатканын Бишкек шаарынын мэриясы эске салды.
Бул жаңы багыттын өзгөчөлүгү ипотекалык насыяны мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.
Насыя төмөнкү критерийлерге дал келген үй-бүлөлөргө берилет:
беш же андан көп бала баккан үй-бүлөлөр;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же майып адамды баккан камкорчу тарап;
толук эмес үй-бүлөлөр (өспүрүм баланы атасы же энеси жалгыз баккандар);
айыл жергесинде иштеген жаш адистер.
Электрондук анкетаны "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын (МИК) расмий сайтына тапшырса болот. Эгер толтурууда кыйынчылыктар жаралса, акимчиликтер жардам берет. Даректери:
Биринчи май акимиаты, "Турак жай" бөлүмү, дареги: Бишкек ш., Жибек Жолу, №348, тел.: (0312) 325484, (0550) 407448;
Ленин акимиаты, дареги: Чүй проспекти, №315, тел.: 0312 656907;
Октябрь акимиаты, дареги: Байтик Баатыр көч., №17, тел.: 0312 576157;
Свердлов акимиаты, дареги: Чүй проспекти, №28, тел: 0312 531343.
Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
4 пайыздык социалдык ипотеканы ким кантип алат? Жол-жобосу тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0