Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей

© AFP / JOSEPH EIDКальян чеккен кыз. Архив
Кальян чеккен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Мекемеден чылым адамдын кайсы органына кандай таасир берерин тизмектешти.
БИШКЕК, 18-май – Sputnik. Чылымды насыбай, кальян жана электрондук тамекилерге алмаштырууга аракет кылбаңыз, алардын ден соолукка зыяны бирдей. Мындай эскертүүнү Саламаттык сактоо министрлиги таратты.
Мекеме чылым адам организминин кайсы органына кандай таасир берерин тизмектеди:
мээге тийгизген терс таасири инсультка алып келет;
жүрөккө тийгизген зыяны инфарктыга учуратышы мүмкүн;
кан тамырлардын да иштешин бузат, бул кан басымдын көтөрүлүшүн шарттайт;
уйку безинин иши бузулат, кант диабетин пайда кылат;
бут, колго тийгизген таасири гангрена кылат;
ошондой эле өпкө, ооз көңдөйү, бөйрөк, боор жана башка органдарда рак илдетин пайда кылышы мүмкүн;
аялдардын жана эркектердин репродуктивдүү системасына кесепетин тийгизет.
"Көмүртек кычкыл газы жана 7000ден ашык уулуу зат организмде кычкылтектин жетишсиздигин пайда кылат. Никотин — бул уу. Чылым, насыбай, кальян, электрондук тамекини сатып алуу менен сиз ооруну да сатып аласыз. Адегенде тамекиге, андан кийин тамеки колдонуунун кесепеттерин дарылоого чыгым болосуз", — деп айтылат министрликтин эскертүүсүндө.
Тамеки. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Ден соолукту чыңдоо борбору чылымды таштоого жардам берчү ыкмаларды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0