17-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр жааганда адамдар жолду өтүп жатат. Архив
Бишкекте жамгыр жааганда адамдар жолду өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
17-майга караган түнү Чүй облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган региондордо жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас өрөөнүндө +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, ал эми Ошто +28...+30 градуска жетет.
Түндүк мамлекеттик порталы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жарандардын саламаттыгы тууралуу санарип маалымат "Түндүк" порталына жайгаштырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0