“Евровидение” сынагын швециялык ырчы Лорин утту. Видео

© AFP / OLI SCARFFУлуу Британиянын Ливерпуль шаарында өткөн “Евровидение — 2023” музыкалык сынагынын жеңүүчүсү, швециялык ырчы Лорин
Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында өткөн “Евровидение — 2023” музыкалык сынагынын жеңүүчүсү, швециялык ырчы Лорин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Лорин ушуну менен экинчи ирет сынактын баш байгесине ээ болууда.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында “Евровидение — 2023” музыкалык сынагы аяктап, швециялык ырчы Лоринди жеңүүчү деп аташты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Ал эми экинчи орунду финляндиялык рэпер Käärijän ээлесе, үчүнчү байгени Израилден барган Ноа Кирель утту.
Лорин ушуну менен экинчи ирет “Евровидение” сынагынын баш байгесине ээ болуп жатат. Биринчи ирет 2012-жылы уткан эле.
Быйыл аталган конкурс Украинада өтүшү керек эле, себеби былтыр украиналык Kalush Orchestra тобу жеңген болчу. Бирок уюштуруучулар коопсуздук маселесинен улам Англияда өткөрүү чечимин кабыл алган. Россиядан ырчылар барган эмес, себеби өткөн жылдын февралында аны катышуудан четтетишкен.
Евровидение музыкалык конкурсунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Дүйнө баягы "Евровидение" сынагын жоготтубу... Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0