Үйдүн айынан агам менен катышпай калчудаймын... Жигиттин каты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКиши. Архив
Киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үйдүн айынан агасы менен бир туугандарына нааразы болгон жигит кат жазган.
Үй-бүлөбүздө пикир келишпестик чыкты. Мен үч ай мурун ипотекага батир алгам. Баштапкы төлөм катары негизги баасынын 30 пайызын төлөдүм, калганын үч жыл айына 25 миң сомдон төлөп кутулам. Өзүм 27 жаштамын. Эки жылдан кийин үйлөнсөм деген ниетим бар. Анткени ипотеканын бир гана жылы калат экен. Үй-бүлөлүү болгон соң бала төрөлөт. Аларды да кем кылбай каржылоо керек да. Орто жолдо төлөй албай калып калууну каалабайм. Ал эми жаңы конуштардын бириндеги төрт сотых жериме жашап турууга кичирээк там салып койгом. Келечекте кыялымдагыдай үй салууну пландап жүрөм. Ушундай кыялдар менен жашайм. Пазл түзгөнсүп, план коюп ага талпынып, акырындан ишке ашырып келем. Сүйлөшкөн кызым бар. Ал да быйыл окуусун бүттү. Дарыканада иштеп жатат. Ага да максаттарымды айтып бөлүшөм.
Атам кезинде финансист, апам үй кожойкеси эле. Азыр экөө тең пенсияда. Биз төрт бир тууганбыз. Эжем турмушта. Улуу агам шаарда, мен салган тамда үй-бүлөсү менен турат. Эки баласы бар. Байкем экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка, ал жоош, бир жол менен жумушуна барып, кайра бир жол менен келип жүрө берет. Жеңем болсо кош бойлуу. Балдар менен көп иштей албай калды көрүнөт. Ошол себептен да үй ала албай жатышат. Өткөндө ата-энем келип, "эми сен тиги ипотекаңды төлөп бүтүп, үйлөнүп ошол жакта эле жаша. Бул тамды агаңа бер" деди. Менин бергим келбейт. Анткени батирди ижарага берүү планымда бар. Кийин балдарым үчүн керек. Андан кийин бизнес ачууну көздөп жаткам. Бул үчүн көп иштедим. Жаным тынган жок. Келечегимдин пайдубалын мыктап кургум келет. Азыр иштеп, кийин эс алам. Ушу тапта агама жиним келип жүрөт. Үйлөнөрдөн мурун баарын пландаш керек да. Эми "үч баласы менен үйү жок калабы?" деп ата-энем мага таңуулап жатат. Байкем үйдүн акчасынын 40-50 пайызын чогултса, "калганын биз төлөп берели" деп атамдар айтса деле макул болот элем. Же өздөрү жер алсын, мен үй тургузууга жардам берем. Ата-энем менен да таарынышып кеттим. Агам да жини келип, "үйүңдүн кереги жок, батирге эле жашайм, кетем" деп коркутуп жатат. Мен да "мурун ойлонбойсуңбу, сен үй албаганыңа мен күнөөлүмүнбү" дедим. Кыскасы, тамдын айынан мен жаман көрүнүп жатам. Эрте аракет кылганым үчүн мен күнөөлүмүнбү? Бербейин десем, бир тууганымдын көңүлү калып калчудай. Мен жерди лотереядан утуп алгансып же ата-энем мени түшүнбөйт. Кандай кылышты билбей жатам. Такыр болбосо үйдү берип туруп үй-бүлөм менен беш-алты жыл катташпай коём. Алар да менин ызамды түшүнсүн. Ушундай эчтекени ойлобой үйлөнүп, 3-4 балалуу болгондон кийин анан ойгоно баштагандарга таң калам.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Туура, өзүнүн күчтүү жагын пайдаланып, көп нерсеге жетип, аракет кылуу абдан жакшы. Ар бир ата-эне балдарына теңдикти каалайт, бир адамдын күчтүү жагы болсо, экинчисинин алсыз жагы болот, кыйналган баласына жан тартат. Материалдык жактан план коюуга болот, бирок бир тууган, ата-энеге келгенде "бир аз катташпай, кийин максаттарыма жетип катташам" деген ой туура эмес. Түбөлүк эч ким жок. Ойго, аң-сезимге негативдүү божомол киргизип алса, ал орундалып калат. Аны да эске алуу керек. Эсеп менен иш кылган адам экенсиз, болочок жубайыңызды да "иши бар" деп сүрөттөптүрсүз. Материалдык байлыкка басым жасай берсеңиз сөзсүз жакшы турмушка жетишесиз. Бирок турмуштук тажрыйба жок болгондуктан руханий жактан аксап, туугандар менен мамилени суутуп алуу жагы да бар. Ал жаш кезде билинбегени менен убакыт өтсө адамды кейишке салат. Андан көрө туугандарым менен кантип компромисске барып, таарынышпай чечишип алабыз деп ойлонуу керек.
Жоолук салынган кыз ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Ойлонбой кетип калып жолдошум менен жараша албай кыйналдым. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0