Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушуна Эдил Байсалов каршы чыкты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Жазылуу
Конституциялык сот кайрылууну өндүрүшкө алганы айтылды.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берүүнү сурап Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин 61 депутаттын демилгеси менен өлүм жазасы тууралуу мыйзамдын долбоору иштелип чыккан.
"Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына 2022-жылдын 20-октябрында коомдук талкууга жайгаштырылган. Президентке референдум дайындоо тууралуу сунуш киргизүү үчүн депутаттык топ мыйзамдын долбооруна корутунду берүүнү суранууда", — деп жазды Конституциялык сот.
Ал арада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык баракчасына пост жазып, демилгеге каршы пикирин билдирди.
"Өлүм жазасынан баш тартуу — бир нече жолу жалпы элдик добуш берүү менен ырасталган эң негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны ушул сыяктуу импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт", — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган. Депутаттардын демилгесин ишке ашыруу үчүн референдум аркылуу элдин добушу менен Баш мыйзамды өзгөртүү талап кылынат.
Медициналык инструмент кармап турган хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Педофилдерди хирургиялык жол менен бычууну киргизүү кайрадан сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0