Желек кармаган ардагер терезесинен күтөт. "Өлбөс полктун" мааниси тууралуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек кармап терезесинен "Өлбөс полктун" катышуучулар тоскон киши. Архивдик сүрөт
Желек кармап терезесинен Өлбөс полктун катышуучулар тоскон киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Кыргызстандагы "Өлбөс полк" жүрүшү КМШ өлкөлөрү арасында эң ири жана эл көп катышкан акциялардын катарында. Бул иш-чаранын тарыхый мааниси зор.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Өлбөс полк" акциясын уюштургандардын бири Нуриля Чолпонбаева болду.
© Sputnik "Өлбөс полк" акциясын уюштургандардын бири Нуриля Чолпонбаева
Один из организаторов акции Бессмертный полк Нуриля Чолпонбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
"Өлбөс полк" акциясын уюштургандардын бири Нуриля Чолпонбаева
— "Өлбөс полк" акциясын бир канча жылдардан бери уюштуруп келе жатасыздар. Быйылкы план кандай?
— Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгач Ош шаарында башталган. 2014-2015-жылдары Бишкекте өтүп, ага үч миң адам катышкан. 2017-жылы 50 миңден ашык киши басыптыр. Жыл сайын көптөгөн жаңы шаарлар, айылдар кошулуп жатат. Өзгөчө Чүйдөгү Ивановка айылы абдан активдүү, аба ырайына, саясатка карабай жылына чогулушат. Быйыл Баткен облусу да кошулуп, уюштуруучу Кеңешбек Баратов акцияны Кулунду айылынан баштоодо. Кийин борборго келүү ою бар. Акцияда согушка катышкан ардагер аталарыбыздын сүрөтүн кармап жүрүш жасайбыз. Ал "сиздердин аркаңыздар менен биз ушундай тынч заманда жашап жатабыз, эч ким эч качан унутулбайт" деген маанини камтыйт. Ырдап, тарыхты эскерип, ушундай сонун маанай менен өткөрөбүз. Акыркы кезде Улуу Ата Мекендик согушту, ардагерлердин эрдигин да бурмалагандар болууда. Муну саясатташтырган туура эмес. Биз тарыхты, аталарыбыздын эмгеги, эрдиги тууралуу даңазаны сактап калышыбыз керек.
— Быйыл канча адам катышат деп күтүп жатасыздар?
— Пандемияга байланыштуу эки жыл үйдө отуруп калдык. Анда деле онлайн өткөрүп, ата-бабаларыбыздын тарыхын жазып, социалдык тармакка чыгардык. 2022-жылы эмнегедир адамдардын саны аз болду. Быйыл жер-жерлерди кошкондо болжол менен 10 миңдей адам чыксак керек. Буга дейре "Өлбөс полктун" сайтын да иштеп чыкканбыз. Ал да өз милдетин аткарып жатат. Ушул убакка чейин көбү атасы тууралуу маалыматтарды издеп жүрүшөт, дайын-дареги белгисиз болгон жоокерлер бар. Кыргызстандыктардын согушка катышкан аталары тууралуу маалыматтарды издеп, ал эми табылган баатыр аталарыбыздын маалыматын сүрөтү менен кошо сайтка жайгаштырып архивдик материал жасап жатабыз. Бишкек боюнча жүрүштүн башкы уюштуруучусу, негиздеген Зульфира Хайбулинанын айтымында, өткөн жылы Караколдон акцияга бир апа келиптир. Ал фронтко кетип белгисиз жоголгон атасы тууралуу маалыматты биздин сайттан таап, сүрөтүн көрүптүр. Ал апа да атасынын сүрөтүн кармап, "Өлбөс полкко" катышып кетти. Сайтыбыздын элге жардамы тийип жатканына абдан кубанычтабыз. Ата-тегиңдин тарыхын билүү маанилүү да.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 2022-жыл
Акция Бессмертный полк 2022 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
"Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 2022-жыл
— Бир жылдары акцияга экс-президенттер да катышты эле?
— Башында акцияга анча көңүл бурулган эмес. Арадан эки-үч жыл өтпөй мамлекет да колдоого алып, Алмазбек Атамбаев, кийин Сооронбай Жээнбеков да жүрүштө аталарынын сүрөтүн көтөрүп чыккан. Азыр Коргоо министрлиги жана күч түзүмдөрү кошулуп жүрөт. Аскердик форма кийип, Георгий тасмасын тагынып, ырдап, баатырларды эскерүү эң бир кызык өтөт. Бир жылдары чек араны кайтарган иттерди да жетелеп чыгышкан. Андан кийин кыргыз жана орус драма театрынын артисттери келип мини спектаклдерди коюп, Жеңиш аянтына жеткенде элди вальс бийлеттирип, ырдатып абдан сонун маанай тартуулашкан. Горький көчөсүнүн ылдый түшө беришиндеги оң жактагы үйдө 80 жаштагы ата жашайт. Ал киши жылына биз өтүп бара жатканда Кыргызстандын желегин алып чыгып балкондон булгалап, акцияны коштоп турат. Өзү баса албайт окшойт, бирок жылына бизди күтөт. Ошол үйдүн жанынан өтүп бара жатканда баарыбыз ал кишини карап абдан толкунданып ыйлагыбыз келет. "Чоң ата, жеңиш үчүн рахмат!" деп кыйкырып саламдашсак сүйүнүп калат. Ал киши да "Өлбөс полктун" бир символу болуп калды. Кичине балдарын жетелеп апалар, майыптыгы бар жарандар да биз менен жүрөт. Мунун баары адамды толкундатат. Айрымдар "кичине балдарга форма кийгизип, эмнеге согушту даңазалайсыңар" деп күнөөлөшөт. Бул эми ата-энесинин чечими да. Эч ким катышуучуларга эч нерсе таңуулабайт.
— Катышуучуларга кандай талаптар коюлат?
— Бул жарандык акция болгондуктан келгендерге катуу талап коюнун өзү туура эмес. Эң негизгиси, катышууну каалагандардын ден соолугу жакшы болушу керек. Себеби акцияда 2,5 саат жөө басуу да оңой эмес. Болгону "суу алып алгыла, баш кийим кийгиле" дейбиз. Жыл сайын 9-майда эртең менен саат 9да Түштүк дарбазадан жүрүштү баштайбыз. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бизге коопсуздукту камсыздап беришет. Жаштардын катышуусу да абдан активдүү. Азыр ар кандай маалымат менен алардын да башын айланткандар көп, бирок ага карабай пионер галстугун тагынып Жеңиш аянтына чейин келген студенттер, жаштар көп. Былтыр биздин жүрүшкө Россиядагы "Жеңиштин ыктыярчылары" деген аталыштагы уюмдун ыктыярчылары белектери менен келип катышты. Ысыкта канча чакырымды жөө басып келсе да, Жеңиш аянтына келгенден кийин эч ким кеткиси келбейт. Сүйлөшүп, маалымат алышып, бири-бирин тапкан урпактар да болуп жатат. Кээ бирлер чоң атасы тууралуу жаңы маалыматка ээ болсо, айрымдары кайдан иликтөө зарылдыгын сурап билишет. Быйыл Бишкек мэриясы, шаардык кеңеш да колдоо көрсөтөрүн айтууда.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков "Өлбөс полк" акциясы
Шествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
"Өлбөс полк" акциясы
— Масштабдуу түрдө өтүп жаткан "Өлбөс полк" акциясын уюштурууга эмне себеп болду?
— Биз советтик доордо "Офицерлер" тасмасын көрүп чоңойгон балдарбыз. Ошол себептен бул тарыхый дата сезимди козгоп, адамды толкундатат. Кайдыгер карай албайм. 2015-жылы акцияны биринчи жолу көргөндө абдан кызыккам. Уюштуруучуларга байланышсам, "атаңыз катышса чыга бериңиз" дегенде чоң кайнатамдын сүрөтүн көтөрүп чыктым. Кийинки жылы кызымды ээрчитип алдым. Кызым да катуу таасирленди. Кийин "Өлбөс полкто" түшкөн сүрөттөрүбүздү көрүп кайнатамдар абдан сүйүнүптүр. Ошондон бери уюштуруучулар менен иштешип, акцияны колдойм. Бул — мен үчүн ыйык. Улуу Жеңиштин маани-мазмунун бурмалоого каршымын.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Султаналы Серкебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Эки согуштан аман келген. Эрдик медалдарынын ээси Султаналы Серкебаевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0