Президенттин маалымат катчысы АКШны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив
Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
Апрелдин аягында Бишкектин Ленин райондук соту "Азаттык Медианын" ("Азаттык/Эркин Европа" радиосунун кыргыз кызматы) ишин ЖМК катары токтотуу боюнча чечим кабыл алган.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШнын түзүмдөрүн Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.
2023-жылдын 27-апрелинде Бишкектин Ленин райондук соту "Азаттык Медианын" ("Азаттык/Эркин Европа" радиосунун кыргыз кызматы) ишин ЖМК катары токтотуу боюнча чечим кабыл алган. Фемида өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин доо арызын канааттандырган. Ал эми "Азаттык" соттун чечимине арызданарын айткан.
"АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин "Азаттык" боюнча кайрылуусу менен тааныштык. Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат", — деп жазылган Султанбаев жарыялаган маалыматта.
Анын айтымына караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.
Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылып, сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү чечим кабыл алышкан.
"Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок", — деген маалымат катчы.
Султанбаев Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө экендигин жана сөз эркиндигине, эркин медиаларга эч кандай чектөө жок деген пикирин айткан. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ошол укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.
"Бир гана шарт — өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз, биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз", — деп сөзүн жыйынтыктаган президенттин маалымат катчысы.
Кыргызстандын желеги Нарын облусунун тоолорун фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Тоо койнундагы "аба кемеси": Кошмо Штаттар Кыргызстанды эмнеге даярдоодо?
Жаңылыктар түрмөгү
0