Жаагы, тиши сынган. Австралияда футболчу калысты сабап салган видео

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу. Архивдик сүрөт
Футболчу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Жазылуу
Аймактын спорт министри футболчунун бул жоругун "пастык" деп атаган.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Австралияда футбол калысы Ходр Ягини оюн бүткөндөн кийин футболчулардын бири сабап салганын Р-Спорт жазды.
Окуя Сидней шаарындагы футбол турнирлеринин биринде болгон. Анда аймактык эки команда оюн өткөргөн.
Беттеш аяктап калганда көрүүчүлөрдүн бири калыстарды кемсинтип баштаган. Ал кийин мелдештен четтетилген футболчу болуп чыккан. Яги аны тынчтанууга чакырганда тосмодон аттап өтүп барып, калысты бет талаштыра бир нече ирет урган. Мунун кесепетинен арбитрдин жаагы, үч тиши сынган.
Спорт министри футболчунун мындай жоругун "пастык" деп атаган. Футбол федерациясы дагы бул нерсени өкүнүү менен кабыл алганын билдирген. Айрым басылмалар оюнчуга калыска кол салуу боюнча айып тагылганын жазды. Анын командасы убактылуу мелдештерге катышпай турууну чечкен.
Индонезияда футболдон кийин башаламандык жаралып, кеминде 127 киши көз жумуп, 180 адам жаракат алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Индонезияда футболдон кийинки башаламандыктан 127 киши көз жумду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0