7-майга чейин Баткен облусундагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБатакен облусу. Архив
Батакен облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
1-майда түнкүсүн облустун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт.
2-3-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
4-6-май жаан-чачынсыз болот.
7-майда кайрадан айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-3-4-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0