Саясат таануучу: Кыргызстан АКШ үчүн "лабораторияга" айланышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Кыргызстанга америкалык аткаминерлердин каттай башташы эмнеден кабар берерин айтып берди.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия менен байланышын үзгүсү келбеген өлкөлөрдү ооздуктоо жана "кайра тарбиялоо" механизмдерин сыноо аракеттери Кыргызстанда өтүп калышы ыктымал. Мындай пикири менен саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып бөлүштү.
Кыргызстан может стать лабораторией США для "санкционных опытов" — политолог
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг Кыргызстанга антироссиялык санкцияларды талкуулоо үчүн келери пландалып жатат. АКШ министрлигинин маалыматы боюнча, ал өлкө бийлигине "же глобалдуу экономикага тиешелүүлүгүн сактап калууну, же россиялык согушту колдоп, дүйнөнүн ири рынокторуна жолун бууп алууну" сунуштамакчы.
Бактыгулов республика Россияга өнөктөш мамлекеттерге таасир этүү боюнча сыноолорду өткөрүүчү америкалык лабораторияга айланып калуу кооптуулугу күч экенин белгиледи. Мында экономикалык санкциялар колдонулушу мүмкүн.
"Ири ресурска ээ болгон Казакстанга тиши өтпөйт. Санкция колдонулган учурда дүйнөлүк экономикада нефть жана эгин тартыштыгы жаралат. Өзбекстандын калкы көп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруунун кесепети оор болот. Тажикстан талибдерди* тааныбагандыктан АКШ менен көз карашы бир, эки мамлекет аскер жаатындагы кызматташуусун арттырып келет. Натыйжада Россия менен байланышын үзгүсү келбеген өлкөлөрдү ооздуктоо жана "кайра тарбиялоо" механизмдерин сыноо аракеттери бизде өтүп калышы ыктымал", — деди серепчи.
Анын айтымында, АКШ кыргыз-орус мамилелеринин канчалык бекем экенин да текшерип көрүшү мүмкүн, анткени Кыргызстан дал ушул багытта Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен талуу аймак болуп саналат.
* "Талибан" кыймылы террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында
Орус тил сабагындагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0