Бишкекте "Нюрнберг" бекер көрсөтүлөт. Ролдордун бирин Безруков ойногон

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүСъемки фильма "Нюрнберг" в Калининграде
Съемки фильма Нюрнберг в Калининграде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Фильм 1945-жылы Нюрнбергде болгон нацисттик кылмышкерлердин сотун баяндайт.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада алгачкы ирет россиялык "Нюрнберг" фильми көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Русский дом" уюму билдирди.
Фильмди акысыз көрсөтүү 27-апрелде саат 17:30да Тарыхый музейде болот.
Фильмдеги окуя 1945-жылы Нюрнбергде болгон нацисттик кылмышкерлердин сотунун айланасында өнүгөт. Сюжетте каармандардын жеке турмушу жана тарыхый окуялар бири-бирин толуктап жүрүп отурат.
"Нюрнберг" киносуна актёрлор Евгений Миронов, Сергей Безруков, Сергей Кемпо, Любовь Аксенова жана башкалар тартылган. Картинанын режиссёру — Николай Лебедев.
Андан сырткары көрүүчүлөргө "Нюрнбергский процесс: взгляд из Москвы" деп аталган көргөзмө тартууланат. Экспозициянын материалдары эл аралык аскер трибуналынын тарыхын айтып берет. Андан сырткары сейрек сүрөттөр менен архивдик документтерди да көрүүгө болот. Көргөзмөгө да каалоочулар бекер кире алышат.
80 жыл мурда генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга түшкөн. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
80 жыл мурда генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга түшкөн. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0