ОИИБ: Баткенде УКМКнын мас кызматкери милиционерди сабап, формасын тытып салган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМК кызматкери. Архивдик сүрөт
УКМК кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Аймакты тескөөчү түндөсү тартип бузгандарга барганда ага баш ийишкен эмес.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Баткен районунда УКМКнын мас кызматкери милиционерди сабап, автоунаасынын ачкычын алып койгон. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 24-апрелде болжол менен саат 00:15те Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында бир нерсе күйүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Баткен РИИБдин аймактык тескөөчүсү окуяны изилдегени барганда каналдын жээгинде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын эсепчиси, ага лейтенант Б.Т., Чек айылынын тургундары 37 жаштагы Д.Ж. жана 38 жаштагы С.К. спирт ичимдигин ичип отурушкан.

“Милиционер Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү автоунаасынын музыкасын катуу коюп алып отурушкандыгын көрүп, тартипти сактоого чакырган. Бирок баш ийбестен Б.Т. аймактык тескөөчүнү бир сүзүп, формасын тытып, айдап барган автоунаасынын ачкычын алып койгон. Андан соң РИИБдин кызматкерлери барып үчөөнү кармаган, текшере келгенде спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган. Автоунаа айып короого киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабырланган милиционер Баткен шаарындагы аймактык ооруканага жаткырылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Кабинетке "агылган" акча. Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0