Москвада Түркия, РФ, Сирия, Ирандын коргоо министрлеринин жыйыны өтөт

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кремль. Архивдик сүрөт
Москвадагы Кремль. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Россияда декабрь айында 11 жылдан бери биринчи ирет Түркия менен Сириянын коргонуу министрлеринин сүйлөшүүсү болгон.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түркиянын Россиянын, Сириянын жана Ирандын коргоо министрлеринин жыйынын шейшемби күнү Москва шаарында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу РИА Новости Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акарга шилтеме кылып кабарлады.
"Эртең Москвада Түркиянын, Россиянын, Сириянын жана Ирандын коргоо министрлери менен Чалгын кызматтарынын башчыларынын жолугушуусу пландалган", — деп Акардын айтканын Anadolu агенттиги жазган.
Россияда декабрь айында 11 жылдын бери биринчи ирет Түркия менен Сириянын Коргонуу министрлеринин сүйлөшүүсү болгон. 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталган. Түркия бул кырдаалга чейин Дамаск менен тыгыз байланышта болуп, президент Башар Асаддын каршылаштарын колдогон. Ал мезгилден бери аталган бул мамлекеттердин мамилеси татаал боюнча калып келген. Бирок акыркы мезгилде эки тарап, аны менен катар журналисттер акырындап кепке келүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча айта баштаган.
Анкара менен Дамаскынын ортосундагы суук-селки мамилени жакшыртуу үчүн Россиянын, Сириянын жана Түркиянын ТИМ жетекчилеринин жолугушуусу пландалган. Январь айында Анкара бул иш-чаранын февралдын башында болушун айткан. Кийинчерээк Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Россия, Сирия жана Түркиянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө Сирия катышса боло тургандыгын билдирген.
Россия менен Түркиянын ТИМ башчылары Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Лавров түркиялык кесиптеши Чавушоглу менен жолукту. Талкууланган маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0