25-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖазгы күндүн биринде бараткан кыздар. Архивдик сүрөт
Жазгы күндүн биринде бараткан кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
25-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. 25-апрель, шейшембиде, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +12...+17, Нарында +13...+18 градус жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +28...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Нарын облусундагы унаа жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Бир жумага карата Нарындагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0