Келерки жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жоогазындардын гүлдөө маалында парктан бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Бишкектеги жоогазындардын гүлдөө маалында парктан бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Жазылуу
Алдыдагы апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ысыйт. Түштүк жергесинде 28-30 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, алдыдагы апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ысыйт. Түштүк жакта 28-30 градуска чейин жетет.

Чүй

23-апрелде күн ачык болот. Аймакта 24-25-26-апрель күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
26-апрелде күндүз, 29-апрелде түнкүсүн жана 27-28-апрелде жаан-чачын болбойт.

Талас

Аймакта 23-24-апрелде жана 25-апрелде күн ачык болот.
Ал эми 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы маалымдалды.
26-29-апрель күндөрү болсо жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош

Жуманын башы 23-24-25-апрель күндөрү жана 27-29-апрелде жаан-чачын болбойт. 26-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Жалал-Абад

Облуста 23-25-апрель күндөрү жана 27-29-апрелде жаан-чачын болбойт. 26-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт.

Баткен

23-апрелде жана 25-29-апрель күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл

Аймакта 23-24-апрель күндөрү жаан-чачын болбойт. 25-26-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Ал эми 27-29-апрелде күн ачык болот.

Нарын

Башка облустардай эле 23-апрелде жаан-чачын болбойт. 25-26-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-апрелде күндүз жана 28-29-апрелде күн ачык болот.
Паркта сейилдеген кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Кийинки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0