Франция: кесиптер бирлиги Канн фестивалын жарыксыз калтырарын айтты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКанн фестивалындыгы актриса. Архив
Канн фестивалындыгы актриса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Франциянын кесиптер бирлиги боюнча ири "Жалпы эмгек конфедерациясы" (CGT) уюмунун алдындагы Энергетикалык тармактын жумушчулар биримдиги пенсиялык реформалардагы ызы-чуудан улам Канн фестивалын, Монако гран-присин жана "Ролан Гаррос" турнирин электр кубатысыз калтырарын айтышты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Макрон 100 күндө тынчтандырууга убада кылган, биз ага 100 аракет кылган жана жаалданган 100 күн убада кылабыз!.. Майда эмне кылсаңар, ошо кылгыла! Канн фестивалы, Монако гран-приси жана "Ролан Гаррос" турнири, Авиньонь фестивалы караңгылыкта өтөт", — деген нааразы болгондор.
Энергетика тармагы боюнча адистешкен Анна Крети Канн кинофестивалында электр кубатын өчүрүп салуу үчүн биримдиктин "техникалык каражаттары" (мүмкүнчүлүктөрү – ред.) бар экендигин белгилеген.
Канн фестивалы 16-27-майда өтмөкчү.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Макрон пенсия реформасы боюнча мыйзамга кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0