Казакстанда төрт күндүк иш жума бекитилмекчи

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөдө ашыкча иштөө айына 12 сааттан көп болбош керектиги туурасында айтышты.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйылкы июль айынан тарта Казакстанда аптасына төрт күндүк иш жума бекитилерин Sputnik Казакстан кабарлады. https://ru.sputnik.kz/
Муну менен катар эле беш жана алты күндүк иш аптасы сакталып кала берет. Ал эми жекшемби жалпы дем алыш болмокчу. Калган эс алуу күндөрү жамааттык келишим менен такталып, бекитилет. Маалыматта ашыкча иштөө айына 12 сааттан көп болбош керектиги туурасында айтылды.
Бишкекте Өлбөс полк 2022 акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0