Россияда "Өлбөс полк" мурдагыдан башкача өтмөкчү. Чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүү"Өлбөс полк" жүрүшү. Архив
Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Учурда Кыргызстандын бир нече шаарларында "Өлбөс полк" акциясына даярдык жүрүп жатат.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россияда "Өлбөс полк" акциясы болушунча ар кыл форматта болот, бирок Москвада жүрүштү өткөрүү боюнча арыз берилген жок. Бул тууралуу РИА Новости "Россиядагы өлбөс полк" кыймылынын борбордук штабынын теңтөрайымы, Мамлекеттик думанын депутаты Елена Цунаевага таянып кабарлады.
Депутат РИА Новостинин быйыл иш-чара кандай форматта өтөрү боюнча берилген суроого: "Коопсуздуктан улам "Өлбөс полкту" болушунча ар кыл, анын ичинде биз айткан түрдө өткөрүү чечими кабыл алынды", — деп жооп берди.
Цунаева анткен менен жүрүштү Москвада өткөрүү боюнча арыз берилбегендигин белгиледи.
"Мындай форматта өткөрүү боюнча арыз берген жокпуз", — деди ал.
"Россия сегодня" маалымат тобунун пресс-борборунда шейшембиде өткөн маалымат жыйында уюштуруучулар ар кыл форматты аташкан. Анда ардагерлердин онлайн-базасына, буга кошумча сүрөттөр коюла турган "Эстелик дубалы" долбооруна маалыматтарды киргизүү боюнча сөз болгон.
Мындан сырткары, уюштуруучулар россиялыктарга, ардагерлердин урпактарына 9-майда согуштун катышуучусунун сүрөтүн автоунаанын айнегине чаптап алып жүрүү чакырыгын салышты.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков иш-чаранын форматынын өзгөрүлүшүнө карабай "Өлбөс полк" өзүнүн маанисин жоготпой тургандыгын белгиледи.
"Акцияны өткөрүүнү башка жолдору жарандар тарабынан кеңири колдонулат, бул турган нерсе", — деди ал.
"Өлбөс полк" — Россияда жана бир катар жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлүп келген жүрүш. Акция Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган. Биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында журналисттердин демилгеси менен өтүп, 2013-жылы бүткүл россиялык иш-чарага айланган.
"Өлбөс полк" Кыргызстанда бир нече жылдан бери уюштурулуп келет. Учурда Жеңиш майрамында салтка айланган "Өлбөс полк" акциясына даярдык жүрүп жатат. Бишкекте жүрүш 2023-жылдын 9-майында саат 10:00дө башталып, катышуучулар Түштүк дарбазадан "Жеңиш" аянтына чейин басып келишет.
Бишкектеги Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Пресс-борбор
"Өлбөс полк" Кыргызстандын кайсы жеринде өтөт? Бишкектеги программа
Жаңылыктар түрмөгү
0