Кыргызстанда баа 3,2%га өстү. Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө абал кандай

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ош базарындагы азык-түлүктөр. Архив
Бишкектеги Ош базарындагы азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
Маалымат өткөн жылдын декабры менен быйылкы март айына карап берилген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономиканын калк керектөөчү секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстан менен Кыргызстанда байкалды. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалымат өткөн жылдын декабры менен быйылкы март айына карап берилген.
Ал эми февраль менен салыштырганда ЕАЭБдин Армениядан башка бардык өлкөлөрүндө керектөөчү баа менен тарифтер жогорулаган. Кыргызстандагы кымбаттоо 0,2 пайызга өскөнү байкалып, ал алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы көтөрүлгөнүнө негизделген.
ЕАЭБ мамлекеттеринде мартта (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) кызмат көрсөтүү жана товарлар тобундагы керектөөчү сектордун инфляциясынын деңгээли:
Армения — 0,8 пайыз;
Беларусь — 2,6;
Казакстан — 3,2;
Кыргызстан — 3,2;
Россия — 1,7.
Бул аралыкта Казакстанда азык-түлүк көбүрөөк кымбаттаган (2,5 пайыз), ал эми эң жогорку өсүү Беларуста кызмат көрсөтүү тармагында (4,1 пайыз) болгон.
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Кыргызстанга машина ташуу 2,6 эсеге өстү. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0