"Тойбосстун" колбасасын Бишкек менен Алматынын лабораториялары изилдеп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тойбосс" колбасалары. Архив
Тойбосс колбасалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Компаниянын жетекчиси эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшертүүгө камынып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Тойбосс" компаниясынын продукциясынын өзүнөн жана кошулмаларынан 10 үлгү алынып изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул туурасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.
"Азыр биздин республикалык лабораторияда текшерилип жатат. Ошондой эле Алматыга да үлгүлөр жөнөтүлдү. "Тойбосс" боюнча керектүү иштин баарын алып барып жатабыз", — деди министр.
Бирок ал жыйынтыгы качан чыгары туурасында айткан жок.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев компаниянын жетекчиси принципке туруп бүт жерге, Алматыга, Москвага жана башка эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшерүүгө берем деп жатканын айтты.
"Тойбосс" маселеси боюнча маалымат жума күнү кечинде чыгып жатат, ишемби, жекшемби күндөрү эч ким иштебейт экен. Анан окуя тереңдеп кетти. Биз жетекчиси менен чогуу иштеп келе жатабыз", — деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген. Бирок аны өндүргөн "Тойбосс" компаниясы маалыматты четке кагып келет.
Жайлоодогу жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Кыргызстан жыл башынан бери чет өлкөгө канча мал сатты? Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0