Дүйнө эли тан берип. Гагариндин космоско учкан тарыхый видеосу

Жазылуу
Мындан 62 жыл илгери, ушул күнү адамзат аалам мейкиндигине, космоско чыккан.
Миллиарддаган кишилердин көңүлүн бурган окуя СССРде болуп, улуу миссияны 27 жаштагы Юрий Гагарин аткарган. Кийин дүйнө эли 12-апрелди Космонавтика күнү деп белгилеп калды.
Гагариндин космоско биринчи кадамы 1960-жылы адамзатты космоско учууга даярдаган борбордон башталган. Окутулуп, даярдыктан өткөн соң алты учкуч талапкер болгон. Жер планетасынын алкагынан чыгууга аз күн калганда Гагариндин талапкерлиги бекитилген. Аны космоско учурууну конструктор Сергей Королев жетектеген.
Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байконурдан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ааламда 108 мүнөт жүрүп, "Восток" кемеси космостон аман-эсен Саратов облусуна конгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0