Жаныбарларга боштондук! Депутат өлкөдөгү зоопарк, цирктерди жабууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗоопарктагы жаныбарлар. Архив
Зоопарктагы жаныбарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жаныбарларга гумандуу мамиле кылуу үчүн 40 өлкөдө атайын кармоочу жайлар жабылганын белгиледи.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдөгү зоопарк, цирктерди жабууну жана цирктеги оюн-зоокко жаныбарларды пайдаланууга тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, кармалып турган жаныбарлар кордолуп, боор ачый турган абалга кептелүүдө.
"Мына Каракол жана Ош шаарларындагы зоопарктардагы жаныбарларды көрүп жатабыз. Жүдөп, кыйналып, абалы жан кейитерлик. Жылына бир миллион сомдон бөлүнөт экен, ал бакканга жетпейт. Циркте дагы ушундай эле болуп жатат. Андыктан зоопарк менен цирктерди жабышыбыз керек. Жандыктар ээн-эркин жүрсүн, коруктарга алып барып коё берели. Жаныбарларга боштондук!" — деди Акаев.
Депутат жаныбарларга гумандуу мамиле кылуу үчүн ушул сыяктуу жайлар 40 өлкөдө жабылганын кошумчалады.
Вольердеги арстандын күчүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Караколдо зоопарктын алдына арстандын эки күчүгүн таштап кетишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0