Быйылкы ажылык сапардын баасы белгилүү болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Быйылкы жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлады.
"Ажыга барууга 1000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) ичинде РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 доллар төлөөсү зарыл", — деп билдирди муфтияттан.
Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.
Былтыр ажылык сапардын баасы 4500 доллар болгон.
Бул жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат, тагыраагы, ушунча сандагы квота бөлүнгөн.
Меккеге ажылык учурунда зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Президент ажылык сапарды уюштурууда коррупцияга жол бербөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0