Туткундарды фашисттик концлагерлерден бошоткон күн. Бухенвальд азабы видеодо

Жазылуу
Дүйнө коомчулугу 11-апрелди тарыхый дата — туткундарды фашисттик концлагерлерден бошотуу күнү (International Day of Fascist Concentration Camps Prisoners Liberation) катары белгилеп келет.
Азаптарга толгон мындай жайлар миллиондогон адамдын өмүрүн алды. Алардын бири — Бухенвальд концлагери. Окурмандарга тарыхый окуянын видеосун сунуштайбыз.
...1945-жылы ушул күнү Бухенвальд лагериндеги туткундар куралдуу көтөрүлүш чыгарган. Камалгандар күзөтчүлөргө чабуул жасап, комендатураны басып алып лагерди бошотушкан.
Бул кандуу лагерге 8 жылда 239 миң адам камалса, 56 миң киши Бухенвальдда азап тартып, кыйноого алынган. Аларга адамдыкка жатпаган медициналык тажрыйбалар жүргүзүлгөн...
Согуштан кийин Бухенвальдда 28 миң нацисттик кылмышкер кармалып турган. 1958-жылы лагерде мемориалдык комплекс уюштурулган.
Тема боюнча:
Миллиондордун өмүрүн алган Освенцим. Тарыхты чагылдырган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0