9-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жазылуу
9-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл жергесинин көпчүлүк, Баткен облусунун айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +12...+17, ал эми Нарында +10...+15 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн, Ошто күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +19...+21, Ошто +23...+25 градуска жетет.
Бишкектеги жамгырдан кийинки абал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жаанчыл болобу? Чүй менен Бишкектеги бир жумага күтүлгөн аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0