Казакстан Кыргызстанга полициянын экс-жетекчиси боюнча сурам жөнөттү

© Sputnik / Жанна Етекбаева Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы жетекчиси Серик Кудебаев. Архив
Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы жетекчиси Серик Кудебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Буга чейин Кудебаев "Манас" аэропортунан Түркияга учуп кеткени айтылган. Бирок расмий маалымат боюнча, ал казак чек арасын кесип өткөн эмес.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) жетекчисинин орун басары Ерлан Алдажуманов Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы жетекчиси Серик Кудебаев боюнча кыргызстандык чек арачыларга сурам жөнөткөнүн кабарлады.
Буга чейин 23-мартта Кудебаев казак-кыргыз чек арасынан өтүп, ошол эле күнү "Манас" аэропортунан Стамбулга учуп кеткени айтылган. Соттун чечими чыга электе өлкөнү таштап кеткен Кудебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп (камакка алуу), ага карата эл аралык издөө жарыяланды.
Алдажумановдун айтымында, Кудебаев Казакстандын чек арасын расмий пунктулар аркылуу кесип өткөн эмес.
"Ал Кыргызстанга кирип андан ары үчүнчү өлкөгө кетип калышы мүмкүн деген маалымат түшкөндөн кийин Чек ара кызматы кызматтык териштирүү ишин баштады. Бул ишке коңшу өлкө дагы жардам берет. Кыргызстандын Чек ара кызматына расмий сурам жөнөтүлдү", — деди Чек ара кызматынын башчысы.
Ал текшерүүнүн жыйынтыгын күтүү керектигин, полициянын мурдагы жетекчисин издөөгө УККнын 300 кызматкери тартылганын айтты.
Серик Кудебаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана январь башаламандыгы учурундагы кыйноо иштерине айыпталууда. Прокурор аны 9 жылга эркинен ажыратууну сунуштагандан кийин келбей сот отурумдары беш жолу жылдырылган.
Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Абактан качып кеткендердин ичинен канчасы издөөдө. 1991-жылдан берки маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0