6-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
6-апрелге караган түнү Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, ал эми Нарында +10...+15 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкекте күндүз, Ошто түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +13...+15, Ошто +17...+19 градусту көрсөтөт.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0