Зеленский сүйлөп жатканда Австриянын оппозициясы парламенттен чыгып кетти

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАвстриянын парламенти. Архив
Австриянын парламенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Австриянын оппозиция өкүлдөрү, оң-улуттук австриялык эркиндик партиясынын (АЭП) депутаттары Украинанын президенти Владимир Зеленский видеотрансляция аркылуу сүйлөп жатканда парламенттин залынан чыгып кетишти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал сөзүн баштаар замат партиянын өкүлдөрү ордунан туруп имараттан чыгып кетишкен.
Украин тилинде сүйлөгөн Зеленскийдин кеби австриялык телеканалдар аркылуу котормосу менен көрсөтүлгөн.
Буга чейин РИА Новостинин кабарчысы бүгүн эртең менен парламенттин имаратынын алдына эл чогулуп, бийликтен Украинадагы чырды дипломатиялык жол менен чечүүнү талап кылышканын билдирген.
АЭП лидери Герберт Кикль анын бирикмесинин өкүлдөрү үчүн Зеленскийдин кебинин "австриялык нейтралитет менен эч кандай байланышы жок" экенин журналисттерге билдирди.
"Австрия эркиндик партиясынын" Федералдык жыйындын төмөнкү палатасында 30 өкүлү (183түн ичинен), Улуттук кеңеш менен Федералдык кеңештин жогорку палатасында 16 (61ден) өкүлү бар.
Киев-Печерск монастыры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев-Печерск монастрынын айланасындагы чыр: эл артка кайткысы жок. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0