Кыргызстандагы керектөө товарларынын баалары канчага өстү. Статистика

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСупермаркетте азык-түлүк салынган тележка. Архив
Супермаркетте азык-түлүк салынган тележка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Акыркы беш жылда Нарын облусунда тамак-аш эң көп кымбаттаган.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы беш жылдын ичинде (2018-2022-жылдар арасында) керектөө товарларына болгон баалар 39,2 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-2022-жылдарда өлкөдө баалар тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга — 51,8 пайыз, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге — 50,9 пайыз, азык-түлүк эмес товарларга 24,9 пайызга жогорулаган.
Өткөн жылы баалар балыкка — 32,5 пайызга, кумшекерге — 30,5, унга — 27,8, сүт азыктарына — 26,8, нанга — 17,4, алкоголсуз суусундуктарга — 16,1, уйдун этине — 12,2 жана койдун этине — 11,7 пайызга кымбаттаган.
"Акыркы беш жыл ичинде тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баалары Нарын облусунда (56,1 пайызга) эң көп өлчөмдө өскөн. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын эң көп өсүшү (32,3 пайызга) Баткен облусунда белгиленген", — деп айтылат маалыматта.
Өсүмдүк майын сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн күн карама майын сатып алат? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0