Тажикстанда катуу жер титиреп, аны кыргызстандыктар да сезди

© AFP / FREDERIC J. BROWNАсфальт жолдогу жараңка. Архив
Асфальт жолдогу жараңка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
Сүлүктү, Раззаков шаарларында жер титирөөнүн күчү 5, ал эми Баткен шаарында 4 баллга жеткен.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Түндө саат 2:07де очогу Тажикстандын Зеравшан тоо кыркасында жайгашып күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө Кыргызстанда да сезилгенин Сейсмология институту билдирди.
Маалыматта жер силкинген аймак Баткендин Раззаков шаарынан түштүктү көздөй 65 чакырым, Сүлүктүдөн түштүктү көздөй 75 чакырым, Баткенден түштүк-батышты көздөй 140 чакырым аралыкта жайгашканы айтылды.
Сүлүктү, Раззаков шаарларында жер титирөөнүн күчү 5, ал эми Баткен шаарында 4 баллга жеткен.
Адам сейсмографтын маалыматтарына көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жер титирөөдөн Афганстанда 9 адам каза болду, Кыргызстанда жабыркагандар жок
Жаңылыктар түрмөгү
0