Кыргызстан Россия менен достук мамилеси боюнча рейтингде экинчи орунду ээледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
Изилдөө постсоветтик 14 мамлекетке жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр арасында Россия менен достук мамилеси боюнча рейтингде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу РФтин Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтунун директорунун орун басары Валентина Комлева эл аралык тегерек столдо билдирди.
Рейтинг 2022-жылдагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн.
Комлеванын айтымында, мониторинг илимий болуп саналат жана коммуникациялык режимдин концепти институт тарабынан 2020-жылы иштелип чыккан. Изилдөө постсоветтик 14 мамлекетке жүргүзүлгөн.
Коммуникациялык режим — бул мамлекеттик гана эмес, мамлекеттик эмес дагы структуралар менен байланышты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү.
Адистер постсоветтик өлкөлөрдөгү мыйзамдарды, коомдук-саясий талкууларды, лидерлер менен расмий өкүлдөрдүн Россия тууралуу айткандарына баам салышкан.
Башка жагдайларга дагы анализ жасалган. Мындан тышкары, россиялык жана башка адистер сурамжыланган.
"Кыргызстан 60,6 упай топтоп рейтингдин экинчи сабына жайгашты", — деди Комлева.
Биринчи сапта РФ менен союздаш мамлекет Беларусь (88,4 упай) турат.
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Россия Кыргызстанга куруп бере турган 9 мектеп тууралуу эмне белгилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0