Бишкекте кыргыз-орус консультациялары өттү

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовду кабыл алуу учурунда
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чара көрүү маселеси боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев консультацияга катышуу үчүн келген РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда алар эки тараптын өз ара катнашын өнүктүрүү, алдыдагы бир катар иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү маселелерин талкуулашкан.
Дипломаттар аймактык жана эл аралык күн тартиби боюнча актуалдуу маселелер боюнча дагы пикир алмашты.
Жүргүнчүлөр Тамчы аэропортунда учактан түшүп атат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0