Соңку беш жылда пенсионерлердин саны жогорулады. Статистика

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүУлгайган байбичелер. Архивдик сүрөт
Улгайган байбичелер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Жазылуу
Аялдар менен эркектердин пенсиясынын өлчөмү тууралуу айтсак, ортосунда анчалык чоң айырма жок.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Республикада соңку беш жылдын ичинде карылыгы боюнча пенсия алуучулардын жалпы саны 12,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2021-жылы калктын өмүрүнүн узактыгы 71,8 жашты (2015-жылы бул көрсөткүч 70,6 жаш болчу) түзгөн.
"Карылыгы боюнча пенсионерлердин 69 пайыздан ашыгы аялдар, 31 пайызга жакыны гана эркектер. Мыйзамга ылайык, аялдардын пенсияга чыгуу курагы беш жыл эрте. Алсак, аялдардын арасында эмгекке жарамдуу курактан улгайган адамдардын үлүшү 11,8 пайызды, эркектерде 5,2 пайызды түзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми аялдар менен эркектердин пенсиясынын өлчөмү тууралуу айтсак, ортосунда анчалык чоң айырма жок.
Мамлекеттик ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдарды (51,6 пайыз) жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдарды (51,4 пайыз) алуучу калктын үлүшүндө аялдар басымдуулук кылган. 2021-жылы 1 217 миң адам же калктын 18 пайызы мамлекеттик пенсиялардын жана жөлөк пулдардын ар кандай түрлөрүн алып жатышкан.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Былтыр 2500дөй адам Соцфонддогу акчасын алып пайдаланды
Жаңылыктар түрмөгү
0