Чүй облусундагы аба ырайынын бул аптага карата божомолу

Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
22-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага карата Чүй облусундагы аба ырайынын божомолун билдирди.
Ага ылайык, 20-21-мартта жана 22-мартта түнү жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 20-21-мартта түнкүсүн -1…+4 градус болсо, күндүз 9…14 градуска чыгат.
22-мартта күндүз жаан жаашы мүмкүн, түнү термометр +1...+6, күндүз +13…+18ди көрсөтөт.
23-26-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бейшемби, жумада Чүй облусунун аймагында күн 20 градуска чейин жылыйт. 25-26-мартта түнү +1…+6, күндүз +16...+21 градуска чыгары айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0